Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 17-2
“Көк-Жар айыл аймагында, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
I. Көк-Жар айыл аймагы боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Жер комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештин депутаты- А.Эшматов.
2. Жер комиссиясынын төрагасынын орун басары депутат- М.Калилов.
3. Жер комиссиясынын катчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы- Г.Маматова.
ЖЕР КОМИССИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы- Н.Козуев.
5. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары- А.Мамасалиев.
6.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу-К.Жээнтаев
7.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси- С.Миңбаев.
8.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн адиси- Жусупали уулу Абдыкадыр.
9. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдын айыл башчылары.
10. Ноокат райондук мамлекттик каттоо башкармалыгынын адиси- Н.Абдиев.
11. Ноокат райондук архитектура башкармалыгынын адиси- М.Айтиев.
12. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты- Ж.Алибаев.
13. Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү - Б.Маматалиева.
II. Көк-Жар айыл аймагы боюнча, жер комиссиясына тиешелүү болгон бардык маселелерди чечүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жер комиссиясынын төрагасы А.Эшматовго жана бекитилген жер комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
III. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди сатууда жана ижарага берүүдө тиешелүү органдар менен иш кагаздарын бүткөрүү жагы айылдык кеңеш тарабынан бекитилген жер комиссиясына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
IV. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Амиракуловага жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |