Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 18-1
“Көк-Жар айыл аймагы боюнча 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктарды жүргүзүүдө электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө тууралуу эл арасында түшүшндүрүү иштерин алып баруу жөнүндө”
Айылдык кеңештин сессиясында айтылган ой-пикир,сунуштарды угуп жана талкуулап,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу бардык айылдарда 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктарды жүргүзүү,электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимиттен жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Электр энергиясын пайдаланууда бекитилген лимит жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталган учурда,айыл аймагында электр энергиясын өчүрүүгө макулдук берилсин.
3. Айыл аймагынын айылдарында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн көмүр сатуу пункттарын ижарасыз ачып,пункттарда үзгүлтүксүз көмүрдүн болушун жана туруктуу баада сатылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин депутаттарына,айыл өкмөтүнө жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
4. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн жылытуу мезгилинде көмүрдү пайдалануу боюнча айылдарда,калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Айыл аймагында электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө,электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин негизинде эрте мененки саат 9-00 дөн кечки саат 18-00гө чейин,кыш мезгилинде эрте мененки саат 9-00дөн кечки саат 16-00гө чейин өчүрүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр энергиясын пайдалануучуларга жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
7. Айылдардагы электр чубалгыларына тийген бак-дарактарды кесүүнү,тез аранын ичинде электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен айыл өкмөтү биргеликте аткарууга алынсын.
8. Көк-Жар айыл аймагындагы 3 фаз иштеткен абоненттерге,3фаздан пайдалануу убактылуу өчүрүлүшү тууралуу,ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди элдин калың катмарына жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө,РЭС кызматкерлерине,коомдук уюмдар жана башка таасирлүү адамдар менен биргеликте элдин калың катмарына жеткирүү эскертилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Амиракуловага тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Г.Абдуллаев |