Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-апрели № 5-7
“Кеңеш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган
токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө”
Кеңеш айыл аймагына караган бардык айылдарда жалаң кыргыз тилдүү калк жашагандыгына байланыштуу айылдык кеңештин токтомдорун мындан ары кыргыз тилинде жүргүзүү максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караган бардык айылдарда жалаң кыргыз тилдүү калк жашагандыгына байланыштуу айылдык кеңештин токтомдорун мындан ары мамлекеттик тилде жазуу жүргүзүлсүн.
2. Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик тилде реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Шадыбековага ташырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|