Редакцияот 21.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IV-сессиясы

 

2013-жылдын 21-февралы № 10-4

“Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө”

Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2014-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2014-жылга карата түзүлгөн бюджетинин кирешенин бөлүгү төмөндөгүдөй:

 кара малдардан түшкөн киреше-720 х 119=85680

койдон

1195х63=75285

эчкиден

305х119=36300

жылкыдан

65х119=7735

чөп жайыттан түшкөн киреше

-250х300=75000

 

Жалпысы:

280,0 миң сомго

чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй:

жайыт салыгы үчүн-26.0 м.с.

 

 

эмгек акыга-100,0 м.с.

ар түрдүү чыгымдарга

-4,0 м. с

ремонт иштерине

-150,000 с

жалпысы:

280,0 миң сом деп бекитилсин.

 

2. Жайыт жерлерине тиешелүү болгон бактарды тактап, тизмелеп, ар бир сотых бакка райондук деңгээлде орточо баасы 12 сом 70 тыйындан салык төлөмүн өндүрүүнү 2014-жыл ичинде тактап бүтүрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Субановко тапшырылсын.

3. Жайыт төлөмдөрүн өз убагында толугу менен өндүрүү жана 2013-жылы өнбөй калган жайыт салыгын 2014-жылга кошуп өндүрүү жагы жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Субанов Бектемирге жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ташбаев М.А