Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-марты № 11-1
“Шаңкол-сай СПАсынын жетекчиси А.Эрматовдун
билдирүүсү тууралуу”
Шаңкол-сай СПАсынын жетекчиси А.Эрматовдун суу төлөмүн бир сомго жогорулатуу тууралуу сунушун жана ошондой эле улуттук фонддун жеринин суу акысын өндүрүүгө өкмөттүн жардам берүүсү тууралуу билдирүүсү угуп жана талкуулап кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол-сай СПАсынын жетекчиси А.Эрматовдун жалпы жыйынында суу төлөмүн бир сомго жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечиминин негизинде берген сунушу колдоого алынып, суу акысы 5 сом деп бекитилсин.
2. Улуттук фонддун жеринин суу акысын өндүрүү боюнча кошумча келишимди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ташполот уулу Бексултанга милдеттендирилсин.
3. Келишимди иштеп жаткан ижарачыларга жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Элдердин суроо-талаптары боюнча Уфдун жеринен келишимдин талаптарын бузган адамдын жери алынып, жаштарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилсин.
5. Жаштарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ижарага жер берүүдө жеңилдик берүүнүн жолдорун табуу менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына мидеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|