Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-марты № 11-2
“Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына
карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин «экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1012,7 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2014-жылга айылдык бюджетине 1-январга карата калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жыл башындагы бекитилген суммага 2014-жылдын 1-январына эсептик счетундагы калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|