Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-1
“Этика комиссиясын түзүү тууралуу”
Айылдык кеңештин депутаттарынын ички тартибин сактоого, сессияга катышуусун жана коомдук тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын тартибин, сессияга катышуусун жана коомдук тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө үчүн депутаттар арасынан төмөндөгүдөй курамда этика комиссиясы түзүлсүн:
Нышанбай уулу Курсанали-Арбын айылынын депутаты, этика комиссиясынын төрагасы.
Мүчөлөрү:
Ысакова Гулай- айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
Жороев Насиркул-Куу-майдан айылынын депутаты.
2. Бир жыл ичинде эки жолу айылдык кеңештин сессиясына келбеген депутаттын мандатын алуу, айылдык кеңештин отурумуна катышпаган, депутаттык этиканы сактабаган депутаттарга чара көрүү боюнча сунуштарды берүү жагы этика комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Туруктуу комиссиялардын заседаниелерине келбеген депутаттардын маселесин кароо боюнча сунуштарды этика комиссиясына берүү жагы туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Т тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|