Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-3
“Шаңкол айылындагы эски ФАПтын ордун дамба куруп
өздөштүрүп курулуш курууга уруксат берүү тууралуу”
Шаңкол айылындагы эски ФАПтын ордун сел алып, жарга айланып иштетүүгө жараксыз абалга келип, айланасындагы жашаган элге кооптуу болуп бараткандыгына байланыштуу, ошол жерде жашаган элдердин селдин кесепетин жоюуу максатында ал жерге дамба куруп берүү тууралуу суроо-талаптарынын негизинде ал жерди дамба куруп өздөштүрүп иштетем деп жазган Абдибает уулу Мараттын арызы жөнүндөгү жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол айылындагы эски ФАПтын ордун сел алып, жарга айланып иштетүүгө жараксыз абалга келип, айланасындагы жашаган элге кооптуу болуп бараткандыгына байланыштуу селдин кесепетин жоюуу максатында ага дамба куруу менен иштетем деген атуул Абдибает уулу Маратка машина оңдоочу устакана жана курулуш материалдарын сатуучу айбан (шыйпаң) куруусуна уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап, документештирүү жагы жер адиси Ташполот уулу Бексултанга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|