Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-4
“Арбын айылындагы ӨКМ тарабынан корутунду берилген
кооптуу жерде жашаган атуулдарды коопсуз жайга
жылдыруу тууралуу”
Арбын айылындагы жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн башка жакка көчүп чыгуу тууралуу жазган арыздарынын негизинде ӨКМ тарабынан тез арада коопсуз жерге көчүрүп чыгаруу тууралуу берген корутундусу тууралуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ташполот уулу Бексултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургундарынын коопсуз жайга жылдыруу үчүн 240 контрдан ар бир үй-бүлөгө 0,08 га жер ажыратылып берилсин.
2. Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жер алууга муктаждарынын тизмесин тактап, жер бөлүштүрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Кудайбердиев К, айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.
Маткеримов Б-муниципалдык менчик жана ӨК боюнча башкы адис,
комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ташполот уулу Б, жер адиси комиссиянын катчысы.
Нурматов О-туруктуу комиссиянын төрагасы
Бекенбаев А-туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары.
Адиев К-айылдык депутат
Алибаев Ж- айылдык депутат
Нышанбай уулу К- айылдык депутат
Кадыров А-Арбын айылынын айыл башчысы.
3. Мыйзамдын негизинде, таза, так иштөө жагы комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|