Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-6
“Арбын айылындагы иштетилбеген жер участогунан жаштар
үчүн спорт зал куруу үчүн жер ажыратып берүү тууралуу”
Арбын орто мектебинин батыш тарабындагы Калыева Алма көчөсүнүн чыгыш тарабындагы бош жаткан жер аянтын спортзал куруу үчүн ажыратып берүүнү суранган Арбын айылынын жаштарынын суроо-талаптарын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын орто мектебинин батыш тарабындагы Калыева Алма көчөсүнүн чыгыш тарабындагы бош жаткан жер аянтынан спортзал куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтын ченеп тартып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ташполот уулу Бексултанга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|