Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-7
“Эгинге түшкөн малдарга айып акча салуу тууралуу”
Эгиндерге түшкөн малдарды камоо үчүн жай куруу жана алардын ээсине катуу чара көрүү керектиги тууралуу элдин сунуш-талабын угу жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эгиндерге түшкөн малдарды камоо үчүн жай табуу жагы ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
2. Эгинге түшкөн майда жандыктарга 250 сом, кара малга 500 сом, жылкыга 1000 сомдон айып пул салынсын.
3. Түшкөн акчаны кароолдорго айлык акы кылып берүү тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Т тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|