Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 14-7
“Эски мечиттин ордун Чегеден айылында балдар
бакчасын куруу үчүн алмаштыруу тууралуу”
Чегеден айылындагы Ак-чабуу мечитинин ордун ал жерде жашаган элдердин өз ыктярлары менен балдар бакчасын салуу үчүн өткөрүп бергендигине байланыштуу, мечитти жылдыруу үчүн Чегеден-ата көчөсүнүн боюндагы бош жаткан иштетүүгө жараксыз жерден 542 чарчы метр жер аянты ажыратып берүүсүн суранган Чегеден айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чегеден айылындагы Ак-чабуу мечитинин эски ордундагы жер аянты толугу менен балдар бакчасын курууга алынсын.
2. Ак-чабуу мечитин жылдыруу үчүн Чегеден-ата көчөсүнүн боюндагы бош жаткан иштетүүгө жараксыз жерден 542 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Мечитке ажыратылып берилген жер аянтын тактап, тартып берүү жагы айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Ташполот уулу Бексултанга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ташбаев М.А
|