Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-майы № 251 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ "Камеко Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк." Компанияларынынөкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды жүргүзүү жана "Кумтөр" долбоорунандан ары ишке ашыруу жөнүндөгү маселе боюнча кыргыз тараптын позициясытууралуу 2007-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-ринде болгон кењешменин № 15-7 протоколуна ылайык түзүлгөн жумушчу топ-тун сунуштарын даярдоо үчүн: 1. Төмөнкүдөй курамда эксперттик топ түзүлсүн: Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, экс- перттик топтун жетекчиси. Эксперттик топтун мүчөлөрү: Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Зубков В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гео- логия жана минералдык ресурстар боюнча мамле- кеттик агенттиктин директору; Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архи- тектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агент- тиктин директору; Исмаилов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын начальниги; Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгынын энергетикалык комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнүн башчысы; Жакыпов А.С. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун прези- денти - башкармасынын төрагасы (макулдашуу бо- юнча). 2. Эксперттик топ "Камеко Корпорейшн" жана "Центерра Голд Инк."Компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды жүргүзсүн жанааталган жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 2007-жылдын 14-майында КыргызРеспубликасынын Премьер-министринде болгон кењешменин № 15-7 протоколу-на ылайык түзүлгөн жумушчу топтун кароосуна "Кумтөр" долбоорунда кыргызтараптын позициясын андан ары жакшыртууну караган сунуштарды киргизсин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев