Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-2
"Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгындагы жер тилкелерин жеке менчикке жана ижарага берүү, максаттуу пайдалануу жобосун ишке ашыруу жөнүндө"
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж.20-мартындагы № 01-14/410 каты боюнча шаардын вице-мэри З.Расуловдун маалыматын угуп, шаардык кеңештин өнөр жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика,курулуш жана соода- сатык боюнча комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап чыгып Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-ж. 20-мартындагы № 01-14/410 каты боюнча шаардын вице-мэри З.Расуловдун маалыматы, шаардык кеңештин өнөр жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода- сатык боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкелерин жеке менчикке жана ижарага берүүдө, максаттуу пайдаланууга берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке берүү шарттары жана тартибиндеги типтүү жобону бекитүү” жөнүндөгү токтомунун негизинде ишин алып барышсын.
3. Майлуу-Суу шаарынын мэриясы (К.У.Сатыбалдиев) “Майлуу-Cуу шаарындагы муниципалдык менчиктик карамагындагы жер участкаларын ижарага берүү же жеке менчикке берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобону”, “Майлуу-Cуу шаарындагы муниципалдык менчиктик карамагындагы жер участкаларын ижарага берүү же жеке менчикке берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү, жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жобону” Майлуу-Суу шаарына ылайыкташтырылган тартипте иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча комиссиясына жүктөлсүн (А.Асанов).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы |
Р.К.Бакалаев |