Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-5
"2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарын көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмесинин 25-пунктуна жана 42-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 30-июлундагы № 01-14-1067 жана 2014-жылдын 21-октябрындагы № 01-14-1415 “2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмесинин 25-пунктуна, 42-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” каттарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 30-июлундагы № 01-14/1067 жана 2014-жылдын 21-октябрындагы № 01-14/1415 “2014- жылга карата Майлуу-Суу шаарынын көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмесинин 25-пунктуна, 42-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” каттары эске алынсын.
2. 2014-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмесинин:
- 25 пунктуна кошумча Клубная көчөсүнүн көпүрөсү киргизилсин жана белгиленген 60 миң сомдук сумманы эки көпүрөгө 30 миң сомдон бөлүп берүү жөнүндө өзгөртүү киргизилсин;
- 42 пунктуна “Токтогул көчөсү боюнча мазарга кеткен жолду калыбына келтирүүгө жана жолду тосууга 200 миң сом” сүйлөмдүн ордуна “Токтогул көчөсү боюнча мазарга кеткен жолду калпына келтирүүгө 120 миң сом каралсын” жана “Мазарды тосуу үчүн материалдарды сатып алууга 80 миң сом акча каражаты каралсын” деген өзгөртүү киргизилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (А.Оморов).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы |
Р.К.Бакалаев |