Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-6
"Майлуу-Суу шаарынын Зябчук кочөсүндөгү № 8 “Акылай” балдар бакчасынын сынган айнектерин алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык билим берүү бөлүмүнө смета боюнча бөлүнгөн акча каражатын бир беренеден башка беренеге жылдырып берүү жөнүндө"
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 20-октябрындагы № 01-14-1420 “Зябчук көчөсүндөгү жайгашкан № 8 бала бакча жөнүндө” катын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 20-октябрындагы № 01-14/1420 “Зябчук көчөсүндөгү жайгашкан № 8 “Акылай” бала бакча жөнүндө” каты эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын Зябчук кочөсүндөгү № 8 “Акылай” балдар бакчасынын сынган айнектерин алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык билим берүү бөлүмүнүн сметасында каралган акча каражаты 28800,00сом суммада 3112-беренесинен 2222-беренесине жылдырып берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (А.Оморов).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы |
Р.К.Бакалаев |