Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 10-7-7
“Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгына карата” өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чараларынын катышуучуларына сарпталуучу чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндө”
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 21-октябрындагы № 01-14-1415 “Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгына карата” өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чараларынын катышуучуларына сарпталуучу чыгымдарга мэриянын 2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган “Ар кандай чыгымдар” беренесинен карап берүү жөнүндө катын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылгановдун 150-жылдыгына карата” өткөрүлө турган салтанаттуу иш-чараларына катышуучуларына сарпталуучу чыгымдарга мэриянын 2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган “Ар кандай чыгымдар” беренесинен акча каражатын карап берүү жөнүндө каты эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын катышуучуларына транспорттук жана тамак-ашы менен боз үй тигүүгө сарпталуучу чыгымдарга 42200 (кырк эки миң эки жүз) сом акча каражатын мэриянын 2014-жылдын башынан үнөмдөлүп калган “Ар кандай чыгымдар” беренесинен карап берүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына жүктөлсүн (А.Оморов).
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы |
Р.К.Бакалаев |