Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2014-жылдын 2-декабры № 26-28/8
“Имаратты муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы М.Ш.Рыскелдиевдин 24.04.2014-ж.кир.01-7/226 Каракол шаарынын Жамансариев атн.көчөсүнүн № 163 дарегинде жайгашкан социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратын, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын Жамансариев атн.көчөсүнүн № 163 дарегинде жайгашкан имаратты мунаципалдык менчикке кабыл алсын.
2. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДи башчысы М.Ш.Рыскелдиев имаратты Каракол шаарынын муниципалдык балансына кабыл алуу боюнча тиешелүү документтерди даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
А.Абдыкадыров |