КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2014-жылдын 2-декабры № 26-28/10
“Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин, Каракол шаарынын, Б.Жапаров атн.көчөсүнүн № 61 дарегинде жайгашкан, Каракол шаарынын муниципалдык менчигинде турган имарат боюнча каты жөнүндө”
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы М.Ш.Рыскелдиевдин 04.11.2014-ж.кир.01-7/565 Каракол шаарынын, Б.Жапаров атн.көчөсүнүн № 61 дарегинде жайгашкан, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү имарат жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Б.Жапаров атн.көчөсүнүн № 61 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелүү имаратты жеке менчикке өткөрүүгө тыюу салынсын.
2. Каракол шаарында бала-бакчалар жетишсиз болгондугуна байланыштуу, мэриянын ММБДси, билим берүү бөлүмү көрсөтүлгөн имаратта бала-бакча ачышсын.
3. Каракол шаарынын мэриясы бала-бакчаны кармоо үчүн тиешелүү сунуштарды Каракол шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин долбооруна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
А.Абдыкадыров |