Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2014-жылдын 2-декабры № 26-28/9
“Имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө”
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы М.Ш.Рыскелдиевдин 24.04.2014-ж.кир.01-7/225 Пристань-Пржевальск поселогундагы Киров атн.көчөсүнүн № 11 дарегинде жайгашкан, Каракол шаарындагы милициянын аймактык бөлүмүнүн имаратын, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Пристань-Пржевальск поселогундагы Киров атн.көчөсүнүн № 11 дарегинде жайгашкан имаратты, муниципалдык менчикке кабыл алсын.
2. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы М.Ш.Рыскелдиев, Каракол шаарынын муниципалдык балансына кабыл алуу боюнча тиешелүү документтерди даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
А.Абдыкадыров |