Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2014-жылдын 2-декабры № 26-28/6
“Каракол шаарынын мэринин резервдик фонду» жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө”
«Каракол шаарынын мэринин резервдик фонду» жөнүндө Жобонун 15.08.2014-жылдагы кир.№ 01-7/336 долбоорун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын мэринин резервдик фонду» жөнүндөгү Жобосу төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (№ 1 тиркеме):
- 11 пункттагы «Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен» деген сөздөр алынсын;
- «мэр социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын каржылоого укуктуу» деген сөздөрдөн кийин, төмөнкү сөздөр жазылсын «50 000 сомго чейинки суммага. 50 000 сомдон жогорку сумманы каржылоо чечими, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен кабыл алынат».
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
А.Абдыкадыров |