Редакцияот 02.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык кеӊешинин XXVI чакырылышынын XXVIII-сессиясы

2014-жылдын 2-декабры № 26-28/7

“Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 24.07.2014-ж. № 26-24/8 «Ц-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине толуктоо киргизүү жөнүндөгү» токтомуна жарым жартылай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Каракол шаарынын архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Э.Т.Айдаралиевдин 08.09.2014-ж.кир.№ 01-7/459 катын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Президиумдун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 24.07.2014-ж.№ 26-24/8 «Ц-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине толуктоо киргизүү жөнүндөгү» токтомунун 1-пунктуна төмөнкү өзгөртүүнү жана толуктоо киргизилсин, аянты 700.0кв.м чейинки кампалык жай – сүйлөмүнүн ордуна, аянты 700.0кв.м чейинки кампалык жайлардын имаратынын курулушу – деп жазылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Каракол шаардык кеңештин

төрагасынын орун басары

 

А.Абдыкадыров