Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 259
“Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин кээ бир ченемдик-укуктук актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө”
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы N 114 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө" жана 2009-жылдын 2-декабрындагы N 115 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун дем берүүчү (үлүштүк) гранттарынын эсебинен Бишкек шаарынын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомдоруна ылайык, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготту деп табылсын:
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2004-жылдын 9-июлундагы N 235 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө";
- Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2006-жылдын 10-майындагы N 2/2бт "2006-жылда дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу жөнүндө" биргелешкен токтому.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Кайыпов), уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (У.Т.Шабданов) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (М.А.Исмаилов) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеңештин төрагасы |
М.А.Аманкулов |