Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык Кеңешинин VI сессияснын XXVI чакырылышы
2013-жылдын 31-январы № 20-а
“Айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө”
Айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Оргочор айыл аймагында жашаган элдин бардыгы мамлекеттик тилде сүйлөп, түшүнүп жана жаза билгендиктен, иш кагаздарын официалдуу тилде жүргүзүүгө муктаждык болбогондуктан айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү максатында Оргочор айылдык кеңешинин 26-чакырылыш 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинде иш кагаздарды жүргүзүү мамлекеттик тилде гана жүргүзүл.
2. Айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасынын орун басары А.Байсымаковго жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Супатаевге тапшырылсын.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
В.Атакозуева
|