Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Оргочор айылдык Кеңешинин XII сессияснын XXVI чакырылышы
2013-жылдын 27-августу № 58
“Оргочор айылдык кенешинин аймагындагы жер салыгын, мүлк салыгынын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө зоналдык коэфициентти бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 1-январь 2014-жылдан баштап, жер салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы, айылдык кенештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, Оргочор айылдык Кенештин 26-чакырылыш 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оргочор айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрү 1-январь 2014-жылдан баштап Оргочор айыл аймагында ишке киргизилсин.
2. Жер салыгынын жана мълк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө, чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык аткарылсын.
3. Айыл аймагында финансы экономикалык бөлүмдүн башчысы, башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча обьектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары К3 экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналдык коэфициентин колдонуу менен дифференцияланат, ошол себептен КЗ зоналдык коэфициентинин мааниси жергиликтүү Кенештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүлөгү жылдын 1-октябрынан кем эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 тон 1,2 ге чейинки өлчөмүндө белгиленет.
Айылдык кенештин сессиясынын калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын зоналдык коэфициенти Оргочор айыл окмоту боюнча 1,0 жана “Газпромнефть” ишканасына, “Марко Поло” пансионатына 1,2 коэфициенттери бекитилсин.
5. Токтомду юстиция органдарынан каттоодон өткөрүп, салык кызматына, тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси Т.Усубакуновго милдеттендирилсин.
Оргочор айылдык Кеӊешинин төрагасы |
В.Атакозуева
|