Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессияснын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 1
“Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 9 айда аткарылган иштери жана 2014-2015-жж. күз-кыш мезгилдеринин өтүшү жөнүндө маалыматын угуу”
Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовдун “Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 9 айда аткарылган иштери жана 2014-2015-жж. күз-кыш мезгилдеринин өтүшү жөнүндө” маалыматын угуп, депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовдун “Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан 9 айда аткарылган иштери жана 2014-2015-жж. күз-кыш мезгилдеринин өтүшү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. 2014-2015-жж. күз-кыш мезгилдеринде коммуналдык кызматтардын ишин күчөтүү жагы шаар мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын берген тизмесине ылайык 2014-2015-жж.кыш мезгилинде шаардын аз камсыз болгон жарандарын көмүр менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен шаардык кеӊештин кезексиз XVI-сессиясынын 3-токтомунун 1-тиркемеси менен бөлүнгөн 1000,0 миӊ сом акча каражатына алынган көмүр жогорудагы тизмедеги жарандарга 500 кг.дан бекер таратууну шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Көмүрдү таратуу үчүн кетүүчү чыгымдар (кап сатып алуу жана каптоо) шаардык кеӊештин кезексиз XVI-сессиясынын 3-токтомунун 1-тиркемеси аркылуу элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн каралган 1000,0 миӊ сомдун ичинен чыгымдоону көзөмөлдөө шаар мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |