Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 6
“Жалал-Абад шаарынын өнөр жай жана коммуналдык зоналарында жайгашкан жер тилкелерин жеке турак-жай куруу зонасына өзгөртүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеңешине шаар тургуну Т.Мамадалиевден жана жазаларды аткаруу департаментинен келип түшкөн арыздарын шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын 13.11.2014-жылдагы отурумунун корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан № 129-а кварталында орун алган жалпы аянты 3000 чарчы метр жер тилкеси К-1 комуналдык зонасынан Ж-1А жеке турак-жай зонасына өзгөртүлсүн.
2. Жазаларды аткаруу кызматына караштуу Курманбек көчөсүнүн №127-кварталында орун алган жалпы аянты 10000 чарчы метр жер тилкесин П-1 өндүрүш зонасынан Ж-2 турак-жай куруу зонасына өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |