Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 7
“Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
- Борукулов Осмонбай Керимбаевич- Жалал-Абад аймакты курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси;
- Аскарова Айнура Каныбековна- ЖАГУ “Финансы жана кредит” кафедрасынын башчысы;
- Садыков Азимжан- Жалал-абад областык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун физиотерапевт дарыгери;
- Саипов Аскарбек- Жаӊгакчылык жана мөмө өсүмдүктөр институтундагы дендропарктын жетекчиси;
- Арынбаев Жаныбай Токоевич- экономика илимдердин кандидаты, доцент, ЖАМУнун админстративдик-чарба иштери боюнча проректору;
- Качкынбаев Сайфудин Акматбекович- Жалал-Абад областык биргелешкен ооруканасынын статистика бөлүмүнүн башчысы;
- Сабиров Садык Давутович- Р.Санатбаев атындагы өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервиндеги №3 спорт мектебинин машыктыруучусу;
- Асаналиева Упөл Садышевна- Жалал-Абад шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси;
- Джаркинбаева Гульмира Турдубаевна-Жалал-Абад областтык балдардын жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору;
- Карбекова Азиза Баймаматовна- ЖАМУнун “Аспирантура” бөлүмүнүн башчысы;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Эрматов) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |