Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 8
“Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысынын наркын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 17-пуктунун негизинде жана шаардык кеңештин 09.10.2014-жылдагы кеңейтилген жыйындын корутундусунун негизинде депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин 2014-2015-жылга карата акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн наркы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Брондолгон соода аянтынан (м2) Бир күндүк кызмат көрсөтүүдөн (м2) | - 13 сом - 8 сом |
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (М. Солтоев) өз ишмердүүллүгүн жогоруда көрсөтүлгөн прейскурант менен иштөө жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрияга (С. Авазов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |