Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-июлу N 296 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу макса-тында: 1. "ЕврАзЭС Ишкердик кењеши" (Россия Федерациясы) жана "ЕврА-зЭС-Кыргызстан Ишкердик кењеши" ассоциацияларынын Кыргыз Республикасы-нын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Кыргызстан менен Росси-янын Ысык-көл Бизнес-форумун (мындан ары - Бизнес-форум) өткөрүү жөнүндөдемилгеси колдоого алынсын. 2. Бизнес-форум 2007-жылдын 6-9-сентябрында Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармалыгынын "Ысык-Көл-Аврора" санаториясында өткө-рүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдиктеБизнес-форумду өткөрүүнүн мезгилинде соода-экономикалык жана или-мий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык бирге-лешкен комиссиясынын тогузунчу заседаниесин өткөрүү жөнүндө маселелердииштеп чыксын. 4. Бизнес-форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетининтиркелген курамы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдиктеБизнес-форумдун тараптары-уюштуруучулары андан ары кароо үчүн биз-нес-долбоорлорду тартууну жана тандоону уюштурсун. 6. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы Бизнес-форумдунуюштуруу комитетине аны даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруу-чулук-техникалык маселелерди чечүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтсүн. 7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Респуб-ликасынын Ички иштер министрлиги Бизнес-форумдун катышуучуларына виза-лык жана башка колдоолорду көрсөтүшсүн. 9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.А.Исмаиловго жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 3-июлундагы N 235 буйругуна тиркеме Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Кыргызстан менен Россиянын Ысыккөл Бизнес-форумун өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Болжурова И.С. - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасы; Алканов Р.А. - "ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкердик кењеши" ассоциа- циясынын башкармасынын төрагасы, уюштуруу ко- митетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Тарло Е.Г. - "ЕврАзЭС ишкердик кењеши" ассоциациясынын баш- кармасынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министри; Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри; Жээнбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри; Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми- нистри; Темирбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башка- руучусу (макулдашуу боюнча); Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палата- сынын президенти (макулдашуу боюнча); Нифадьев В.И. - Россия Федерациясынын Биринчи Президенти Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян универ- ситетинин ректору (макулдашуу боюнча); Агапкин В.М. - "РИНКО ХОЛДИНГ" башкаруучу компания" жоопкер- чилиги чектелген коомунун вице-президенти (ма- кулдашуу боюнча); Зубков В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гео- логия жана минералдык ресурстар боюнча мамле- кеттик агенттиктин директору; Мамашов Т.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ту- ризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Жакыпов А.С. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун прези- денти (макулдашуу боюнча); Токтоболотов М.А. - "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкар- масынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Усупов У.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ев- рАзЭС маселелери боюнча кењешчиси; Мансуров Т.И. - Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун мамлекет- тик администрация башчысы; Ажекбаров К.А. - ЕврАзЭС Интеграциялык комитетинин Секретариа- тынын департамент жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); Спасский В.В. - Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин КМШ өлкөлөрүнүн эко- номикалык кызматташтыгы департаментинин дирек- тору (макулдашуу боюнча); Шнякин В.Н. - ЕврАзЭС Интеграциялык комитетинин иш башкаруу- чусу (макулдашуу боюнча); Коротков С.А. - Бириккен Улуттар Уюмунун Россия Федерациясында өнөр жайды өнүктүрүү боюнча өкүлчүлүгүнүн ди- ректору (макулдашуу боюнча); Сосковец О.Н. - Россия Федерациясынын Финансылык-өнөр жайлык тобу ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу бо- юнча); Волкер Н. - Кыргыз Республикасында БУУ системасынын турук- туу координатору, Кыргыз Республикасында БУУну Өнүктүрүү Программасынын Туруктуу өкүлү (ма- кулдашуу боюнча); Рец Т.Б. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын начальниги, жооп- туу катчы.