Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 12
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги кызматтык батирди менчиктештирүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 59-беренесинин 8-пунктуна жана Жалал-Абад шаардык кеңешине И. Вахидованын арызы келип түшкөн катыны шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, 13.11.2014-жылдагы отурумунун корутундусунун негизинде, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүнүн № 32-үйдүн 24-кызматтык батиринин статусу өзгөртүү жагы шаар мэрине милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын муниниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүнүн № 32-үйдүн 24-батирин үч эм төрөгөн И.Вахидованын жеке менчигине өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б. Джусупбеков) кызматтык батирди И. Вахидовага жеке менчикке өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б. Беркбаевага милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |