Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XIX сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 4-декабры № 13
“Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгын түзүүгө уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №413-токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссияларынын кеӊейтилген жыйынынын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгын түзүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын Жобосун иштеп чыгуу жана штаттык тизимин бекитүү жагы шаар мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Маматов) жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Жалал-Абад шаардык Кеңештин төрагасы |
Н.Нишанов |