Загрузка документа…
ЫРДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1 -октябры № 16
“Ырдык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгынын мүлк салыгынын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин,айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгы үчүн 1,2,3 группалары боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы «Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап,жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн аймагынын ичинде ишке киргизүү,айылдык кеңештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып Эл депутаттарынын Ырдык айылдык кеңешинин ХХУ!-чакырылышынын 3-сессиясы токтом кылат:
1. Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө ишке киргизилсин.
2. Жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө ,чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин талаптарына ылайык аткарылсын.
3. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы,салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча обьекттерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналар коэффициенттин колдонуу менен диференцияланат,ошол себептен КЗ зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүндөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 1 чейинки өлчөмүндө белгиленет.
5. Эл депутаттарынын айылдык кеңешинин сессиясынын калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын зоналык коэффициентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча зоналык коэффициентти Жети-Өгүз айыл өкмөтү боюнча токтому бекитилсин.
6. Токтомду юстиция органдарынын каттоосунан өткөрүп,салык кызматына тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Муталиева милдеттендирилсин.
Ырдык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Шерипов |