Загрузка документа…
ЭНИЛЬЧЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июну № 2
“Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрнын № 231 салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3 беренесинин 3 пунктун жана салык кодексинин 339 беренесинин 4 бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жөнүндө”
Энилчек айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Энилчек айыл округунун административдик аймагында төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык.
- Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салык.
- Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн жер салык.
- Мүлк салыгынын 1 чи; 2 чи; 3 чү; 4 чү тоб
2. Экономикалык пландоо зоналарын жана зоналык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Мүлк салыгы жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде эсептөөлөр жүргүзүлсүн.
4. Токтомду мыйзам чегинде каттодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Булл токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы Энилчек айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Аллабердиев А.О. жүктөлсүн
Энилчек айылдык Кенешинин төрагасы | Кылчыкбаев К.У. |