Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 144/17-6
“Талас шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган жана башка мекеме-уюмдардан түшкөн каттарды карап, талкуулап чыгып. Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 20-февралындагы Талас шаардык кеңешинин кезектеги 10-сессиясы кабыл алган № 70/10-6 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешенин чыгашадан ашкан каражатынын эсебинен:
- эки кайгуул кызматкерин кармоо үчүн бөлүнгөн 300,0 миң сом акча каражаты Талас ШИИБнин жол кайгуул кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн атайын авто унаа сатып алууга 300,0 миң сом Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу бөлүнүп, каржылансын.
- мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө мыйзамды аткарууга түзүлгөн иш-чараларды уюштуруу үчүн бөлүнгөн 41,0 миң сом акча каражаттын эсебинен 13,0 миң сом Талас шаарында жаштар форумун өткөрүүгө бөлүнүп каржылансын.
2. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында үнөмдөлгөн 2,0 млн сомдун эсебинен:
- Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн капиталдык оңдоо статьясына 1млн 500 миң сом жана бөлүмдүн сметасында үнөмдөлгөн акча каражаттар капиталдык оңдоо беренесине Талас шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу бөлүнүп, каржылансын.
- Талас шаардык электр тармактар ишканасына 170,0 мин сом Талас шаарынын чыгыш тарабындагы Нуржанов көчөсүнө электр түркүктөрүн тартып, электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бөлүнүп, каржылансын.
- Талас шаардык мэриясынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин бильярд боюнча турнирин өткөрүү максатында 50,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу бөлүнүп, каржылансын.
3. Шаардык каржы бөлүмүнө (Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестеринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов Р.М.) жүктөлсүн.
Талас шаардык Кеңештин төрагасы |
А. Джузупбеков |