Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 26-13/40
“Кайыңды айылдык аймагына караштуу орто мектептердин 2014-2015-жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү жөнүндө”
2014-2015-жаңы окуу жылына карата Кайыңды айылдык аймагында жайгашкан 3 орто 1 башталгыч мектептердин ремонту толугу менен аяктап, август учету боюнча окуучулардын саны 749 түздү.
Мектептердин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген акча каражатынан тышкары, Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектептердин ремонт иштерине 162,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Андан тышкары Ө. Израилов атындагы орто мектебинин ремонт иштерине Манас райондук эмгек жана миграция, жаштар борбору тарабынан проектиге 40,0 миң сомго колдоо көрсөтүлдү жана айылдын демөөрчүлөрү тарабынан 10,0 миң сом акча каражаты жардам катары берилди. Мектептердин ремонт иштеринин жүрүшү боюнча Манас райондук комиссиянын чечими менен типтүү мектептердин арасынан А.Үсөнбаев атындагы орто мектебине биринчи орун ыйгарылды. Типтүү эмес мектептердин арасынан Ө.Израилов атындагы орто мектебине биринчи орун, ошондой эле Кайыңды айылынын орто мектебине үчүнчү орун ыйгарылды.
2014-2015-жаңы окуу жылына карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн Сарыбулак айылынын башталгыч мектебине 10 тонна көмүргө акча каражаты бөлүнүп берилди, ал эми 3 орто мектебинин жылытуу системасы эл.энергияга көз карады болгондуктан мектептерге тиешелүү 2 трансформаторун оңдотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 78,0 миң сом бөлүнүп берилип, Манас райондук электр башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Орто мектептерде 2014-2015-жаңы окуу жылына карата аткарылган иштердин негизинде айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу орто мектептердин 2014-2015-жаңы окуу жылына жана күз-кыш мезгилине карата даярдыктары канаттандырарлык деп табылсын.
2. Мектептердин чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн жетишпеген акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшобаевге тапшырылсын.
Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |