Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 26-13/41
“Кайыңды айылдык аймагында оруп жыюу жана айдап-себүү, сугат суу маселесин кароо жөнүндө”
Кайыңды айылдык аймагы боюнча 2014-жылы дан эгиндерди оруп жыюу өнөктүгү бекитилген план-графиктин негизинде уюшкандыкта жүргүзүлдү, жалпы түшүмдүүлүк 2013 - жылга салыштырмалуу 0,5% түздү. Айыл чарба багытында аткарылган иштеринин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагында оруп жыюу жана айдап-себүү, сугат суу маселесин боюнча жүргүзүлгөн иштер канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл чарба техникалардын дыйкандарга көрсөткөн акы төлөнүлүүчү кызматын жөнгө салуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшобаевге тапшырылсын.
3. Дыйкандарды үрөөн, күйүүчү, майлоочу май менен камсыз кылуу үчүн иштиктүү чаралар көрүлсүн.
4. Суугат суу маселесин иретке келтирүү жагы АВПнын жеткчисы М.Сейдибалиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелри боюнча тармактык комиссиянын төрагасы К.Узенбековго тапшырылсын.
Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |