Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 26-13/43
“ЖАК «Мекс-Ресурс» тарабынан Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине которулган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
ЖАК « Мекс-Ресурс» тарабынан Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылга чейин берилген лицензияны кармап туруу үчүн которулган акча каражатын бөлүштүрүү боюнча маселе каралып Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелер булагы боюнча 1062,4 миң сомго жана чыгашалар боюнча 1062,4 миң сомго бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда, бир разделден экинчи разделге жана бир статьядан экинчи статьяга, өзгөртүү айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комисся сынын макулдашуусу менен жүргүзүүгө, уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |