Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-сентябры № 26/13-45
“Кайыңды айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
2014-жылдын 1-январына карата бекитилген Кайыңды айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүнө өзгөртүү киргизүү боюнча келип түшкөн сунуштун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы кызмат орду Финансы-экономикалык бөлүмүнүн чыгашалар боюнча адисине которулуп берилсин.
2. Штаттык түзүмдүн өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу тиешелүү оңдоолорду жүргүзүү жагы ФЭ бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшобаевге дайындалсын.
Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |