Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин III сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 24-январы № 2
“Кошмо жыйындын регламентин кароо жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын үчүнчү сессиясы, кошмо жыйындын регламентин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентинин «Жергиликтүү кеңештердин түзүмү жана органдары» аттуу экинчи бөлүмүнүн 3-главасында каралган «жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму, катчылык жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат» деген сөздү «эки жылдан кем эмес» деп өзгөртүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Кошмо жыйындын катчылыгына Ордобаев Динмухамед Садыкасымовичтин талапкерлиги сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |