МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 1-марты № 7
“Суугат суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси
Э.Сатаевдин 2012-жылдагы аткарган иши жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын алтынчы сессиясы, суугат суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Э.Сатаевдин 2012-жылдагы аткарган иши жөнүндөгү маалыматын угуп, карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суугат суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Э.Сатаевдин 2012-жылдагы аткарган иши канааттандырарлык деп белигленсин.
2. 2012-жылдагы элден өндүрүлбөй калган карыздарды өндүрүүгө катуу көңүл бурулсун.
3. 2013-жылдын 13-мартында суугат суу маселеси боюнча элдик жыйын чакыртылсын.
4. 2013-жылга 5 чакырым арыктар тазалансын, тазалоо үчүн айыл өкмөтүнүн кирешеден ашкан чыгашасынын эсебинен 50000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |