МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 1-марты № 9
“АЗС курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын алтынчы сессиясы, бүгүнкү күндөгү күйүүчү майлардын тартыштыгына байланыштуу айылдын аймагында АЗС куруу жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдын аймагынан АЗС куруу үчүн № 325 контурдан 1500,0 чарчы метр жер участогу бөлүнүп берилсин.
2.Айыл өкмөтү менен келишим түзүлсүн, келишимдин негизинде курулсун.
3.Эгерде берилген жер максатсыз пайдаланылса кайрадан кайтарылып алынаары белгиленсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |