Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айылдык Кеңешинин VI сессиясынын VI чакырылышы

 

2013-жылдын 1-марты № 10

“Жарандардын арыздарын кароо боюнча”

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын алтынчы сессиясы, жарандардан келип түшкөн арыздарды угуп, карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калича, К.Жаныбеков, жаңы көчө (Дөңбаев Кубанычбек жашаган) көчөлөргө кум, шагыл төгүп, ремонт иштерин жүргүзүү үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүлсүн.

Ремонт иштери үчүн айыл өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинин эсебинен 150000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Б.Турумтаев көчөсүнөн дренаж казуу ноябрь айына чейин жүргүзүлсүн, дренаж казууга айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн чыгашадан ашкан кирешесинин эсебинен 15000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Жогорудагы аталган кризистик 3 үй-бүлөгө (Абдраимов О, Кутумбеков М, Мамытова Ш.) депутаттардын эсебинен күз мезгилинде гуманитардык жардамдар көрсөтүлсүн.

4. Турумтаев Бактыбектин үлүш жеринин салыгы «Салык кедексинин» негизинде арзандатууга мүмкүн болбогондугуна байланыштуу, ошол тарифте калтырылсын.

5. Малдын «чечек» ооруусуна каршы вакциналар ар бир мал ээсинин өз эсебинен жүргүзүлсүн.

6. Чымырбаев Асандын көчөсүнө кум төгүү өз эсебинен жүргүзүлсүн.

Төрөкулов Асандын огородун курчаган кешкаларды түзөп, оңдоо, депутат Нусубалиев Абдумуталипке жүктөлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Миң-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Койчубаев