Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VIII сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 13-майы № 1
“Дооронов Кудайбердиге асбест цемент трубаларын алууга уруксат берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын сегизинчи сессиясы Дооронов Кудайбердинин үлүш жерине суу чыгаруу үчүн асбест цемент трубаларын «Алаш ордодон» казып алуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дооронов Кудайбердиге «Алаш ордодон» 6 даана асбест цемент трубаларын казып алууга уруксат берилсин.
2. Казып алгандан кийин ал жерди оңдоп тегиздөө Дооронов Кудайбердиге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |