Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин VIII сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 13-майы № 2
“Жаңы мектеп куруу үчүн жерди аныктап берүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын сегизинчи сессиясы жаңы мектеп куруу үчүн жерди аныктап берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы мектеп куруу үчүн Д.Батырбашиев атындагы Чалдыбар мектеп гимназиясынын №1 жана №2 корпустарынын жанынан, ошондой эле айылдык маданият үйүнүн жанынан жерлер сунушталсын.
2. Жактырылган жерге токтом берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |