Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин IX сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 4-июну № 4
“Кадыржан уулу Максаттын арызы жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын тогузунчу сессиясы Кадыржан уулу Максаттын турак жай курууга жер сураган арызын карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башкы адиси агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна менен бирдикте айыл аймагындагы болгон турак жай куруу үчүн берилген жер участокторун инвентаризация жүргүзүшсүн.
2.Кадыржан уулу Максатка турак жай курууга жер участогун таап берүү жагы айыл өкмөттүн башкы адиси, ошондой эле агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |