Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин IX сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 4-июну № 5
“Талас-Тараз трассасынын боюндагы столбаларга айыл тургундарынын сүрөттөрүн илүү жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын тогузунчу сессиясы Талас-Тараз трассасынын боюндагы столбаларга айыл тургундарынын сүрөттөрүн илүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас-Тараз трассасынын боюндагы столбаларга төмөндөгү айыл тургундарынын сүрөттөрүн илинсин.
-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин;
-Колхоздо иштеп эмгеги сиңген эмгек ардагерлеринин;
-Эмгек Кызыл Туу ж.б. орден, медалдары менен сыйлангандар;
2.Сүрөттөрдү чыгартууга, столбаларга илүүгө кеткен чыгымдар айыл тургундарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комиссиясына жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |