Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин X сессиясынын VI чакырылышы
2013-жылдын 1-августу № 1
“Миң-Булак айылдык аймагынын жайыт комитетинин иши тууралуу маалыматын угуу жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын онунчу сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын жайыт комитетинин аткарган иши тууралуу жайыт комитетинин инспектору К.Сакебековдун маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кум, топурак алуучу карьерлерден түшкөн акча каражаттары 2013-жылдын 1-августунан тартып айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүлсүн.
3. Миң-Булак айылдык аймагынан тышкары, башка айылдык аймактарынан келип кум, топурак алуучу жарандар үчүн айыл өкмөтүнө төлөөчү төлөм төмөндөгүчө белгиленсин:
-ГАЗ-53 жана тракторлорго 500 сомдон 1рейсине;
-камаздарга 700 сомдон 1 рейсине;
4. Карьерден кум, топурак алуу ишемби, жекшемби күндөрү жүргүзүлсүн;башка убакта кум, топурак алууга тыюу салынсын; «шлагбаумду» бузуп киргендерге 1000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
5. Карьерлерге жана бирөөнүн жерине уруксаты жок түшүп кеткен малдарга көзөмөл жүргүзүү, айып салуу жайыт комитетинин инспектору К.Сакебековго милдеттендирилсин.
6. Ар бир үйгө көчөлөрүндөгү курулуш материалдарын тазалатууга, көчөгө жыйган чөп, көңдөрдү тазалатууга, чектен чыгып кеткен арыктарды жаптырууга кагаз жүзүндө ушул жылдын 20-августуна чейин эскертүү берүү жана тазалатуу жагы айыл өкмөттүн башкы адиси Н.Шадыбековага ошондой эле агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамы
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |