Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XIV сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 22-январы № 2
“Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин 2013-жылдагы жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он төртүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин 2013-жылдагы жүргүзгөн иш аракеттери жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Жайыт комитетинин төрагасы Ш.Турдубаевдин 2013-жылдагы жүргүзгөн иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |