Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айылдык Кеңешинин XIV сессиясынын VI чакырылышы
2014-жылдын 22-январы № 4
“Туруктуу комиссиялардын отчетун угуу жөнүндө”
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын он төртүнчү сессиясы, жогорудагы айтылган туруктуу комиссиялардын отчетун угуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Турдубаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Агрардык маселелер боюнча жана административдик-укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Отчетту өз убагында жасабагандыгы жана иш пландарын өз убагында түзбөгөндүгү үчүн бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын, ошондой эле социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагаларына эскертүү берилсин.
4.Депутаттардын өздүк делолорун толтуруусуна катуу көзөмөл жүргүзүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Миң-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Койчубаев |